Сизди жумушка орноштуруу үчүн биз кандай иш аракет жазайбыз
Жумушка орношууга биз жардам көрсөтөбүз! Бирок сиз мыкты студенттин талаптарына дал келсеңиз гана. Жумушка орношууга жардам берүүнүн 3 жолу бар.
Ментордук программа
Эң алдыңкы студенттерди биз өзүбүздүн ментордук программага алып калабыз. Ментор - бул студенттерге өзү окуп үйрөнгөн билими менен болушуп, окууда студенттерге жардам берет жана Peaksoft тогу ар түрдүү проекттерде разработчик болуп иштейт.
Компанияларга сунуштоо
Администрация жумушчу сураган IT компанияларга/ организацияларга мыкты студенттердин резюмелерин сунуштайбыз.
Интервьюга даярдоо
Резюме түзүүгө жардам берип, жумушка кирүү интервьюсуна дайындайбыз, кандай жактан жана кайсы жактан жумуш табуу керек экендиги тууралуу айтып, ресурстарды көрсөтүп беребиз.
Сиздин жыйынтыңызга таасир көрсөткөн факторлор

Окуу жана үй тапшырмасы үчүн бош убакыт

Эгерде сиз жаңы кесипти аркалап жатсаңыз, күнүнө 4-8 саатыңызды окууга жана үй тапшырмасына бөлүшүңүз керек болот.Болбосо, адистикти керектүү деңгээлде тез өздөштүрүп кете албайсыз.

Өз алдынча окуу

Курста окуу менен катар, өз адистигиңиз боюнча макалаларды окуңуз, видеолорду көрүңүз, подкасттарды угуңуз. Өз алдынча окуу жана практика окуу процессин жеңилдетет жана тездетет.

IT чөйрөдөгү кесиптештер менен баарлашуу

Сиздин тармакта иштегендер менен баарлашуу көптөгөн жаңы жана кызыктуу нерселерди үйрөнүү үчүн идеалдуу мүмкүнчүлүк. Эгерде сизде бул мүмкүнчүлүк болсо, сөзсүз колдонуңуз.

Сабакка үзгүлтүксүз катышуу

Сабактарды калтырбаганга аракет кылыңыз. Айына 1-3 сабак өткөрүп жиберүү норма болуп саналат. Эгер сиз көбүрөөк сабактарды өткөрүп жиберсеңиз, проекттердин үстүнөн иштөө жана үй тапшырмаңызды аткаруу сизге кыйыныраак болот.