Peaksoft House тун Front-End боюнча курсу

Бул курс HTML, CSS, JavaScriptти өздөштүрүп, ыңгайлаштырылган веб тиркемелерди кантип иштеп чыгууну үйрөнүү курсу

computer
Front-end

Front-End разработчик веб-баракчанын колдонуучуга көрүнгөн бөлүгүн түзөт жана анын негизги милдети макетте дизайнер түзгөн нерсени так жеткирүү, ошондой эле колдонуучунун логикасын ишке ашыруу.

FrontEnd разработчик болуу математика боюнча билимди талап кылбайт. Теорияга жана код жазууга канча убакыт бөлгөнүңүзгө жараша адистикти 6-9 айдын ичинде өздөштүрө аласыз. Биздин окутуу программабыз иш жүзүндө тастыкталган эң керектүү жана заманбап технологияларды камтыйт.

СИЗДИН ЖОЛУҢУЗ ҮЧ КАДАМДАН ТУРАТ

Жалпысынан окуу программасы 9 айдан турат. 9 ай - 3 этаптан турат, ар бир этап - 3 ай болот.

I этап

Программалоонун базасы жана IT дуйнөсү менен терең таанышуу.

II этап

Терендетилген программалоо жана разработкага керектелүүчү кошумча инструменттер (фреймворктор).

III этап

Практика/стажировка, резюме даярдоо жана интервьюга даярдык.

I Этап
II Этап
III Этап
- HTML, CSS
- Барактарды верстка кылуу
- Башталгыч JavaScript
- JavaScript те код жазуу
- Базалык JavaScript
- ECMAScript 6
-JavaScript: Өркүндөтүлгөн мүмкүнчүлүктөр
- Git менен иштөө
- React кантип иштейт
- React менен компоненттерди түзүү
- React менен колдонуучу интерфейстерин түзүү.
- React Hooks
- Функционалдык компоненттер HTTP запросторун жөнөтүү жана убактылуу абалдарды башкаруу
- Redux жана Redux Toolkit
- React Router менен маршруттоо
- Аутентификацияны ишке ашыруучу React колдонмолорун жайылтуу
- Next.js негиздери
Окуунун 3-этабы стажировка форматында өтөт. Биздин студенттер разработчиктер, дизайнерлер, проект менеджерлер менен биргеликте чыныгы проекттердин үстүндө иштешет. Мындан тышкары, жумушка орношуунун эң маанилүү эки кадамы болгон мыкты резюме жана реалдуу форматтагы интервьюларды инструкторлордун жардамы аркылуу практика кылышат. Учурдагы разработчиктерден туура резюме түзүү, жумушту каяктан издөө жана кантип издөө, интервью процесстери боюнча мастер класстар өтүлөт.
Эмнени үйрөнөсүз
Окууну аяктагандан кийин, сиз JavaScript разработчик боло аласыз.
JavaScript тилинде программалоону
Интерактивдүү веб-сайттардын интерфейсин түзүүнү
Вебсайттарды түзүүнү (HTML&CSS)
React библиотекасынын жардамы менен заманбап интерфейстерди түзүүнү
Redux библиотекасын колдонуп чоң маалымат агымдарын башкарууну
Хостингге сайтты жуктөөнү
Результаттар

Сертификат

Резюме

Проекттер

Тапшыруучулар үчүн талаптар

16 жаштан жогору

4-8 саатка чейин
окууга убакыт бөлүү

Компьютерди колдонгонду
жакшы билүү

Жеке ноутбуктун
болуусу